www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрдин мээси жайындабы?

Бишкек мэри Эмил Абдыкадыров шаардыктар коомдук транспортко көбүрөөк түшүүгө кызыкдар болгудай система түзүүгө киришкенин билдирди. 

Натыйжада, автобус, троллейбус жүргөн чоң жолдорго алар үчүн өзүнчө тилке ачып, ал тилкенин боюна машина коюлбай турганын, ким токтотсо айып тартаарын белгилеп, бул системаны иретке келтирүүнүн негизги ыкмасы экенин айтты. 

Бул тууралуу: “Албетте көйгөйлөр болот, машиналардын тыгыны жаралат. Андыктан жүргүнчүлөр коомдук транспортко өтүшөт. Бара-бара тартип болот. Автобус менен 15 мүнөттө жете турган жерге жеке машина менен жетүү 30 мүнөттү ала тургандай система түзөбүз. Эл туура түшүнүп, көнүп кетет деп үмүттөнөм. Бул ишти жарым жылда аягына чыгарабыз”, - деп жар салды. 

Анан да жол кире акысын 22 сомго көтөрүүнү максат кылып жатышканы кайсы акылга сыят? Эгер жол кире акысы көтөрүлсө, ансыз да кымбатчылыктан каржалып жатышкан элге кыйын болот. Инфляция болсо күн сайын өсүп жатат. Эл мэрдин кыянаттыгын көтөрө албайт. Социалдык жарылууга жетиши мүмкүн мунун кесепети. 

Арийне, мэрдин коомдук транспортко элди көп түшүрүү ниети жакшы болгону менен, жол кире акысын көтөрүү, шаардыктарга тыгын жаратууну көздөгөн иши чатак экен. Эл шаардагы тыгындан кантип арылыш керек деп баш катырып жатса, мэр Абдыкадыров тыгын жараткан система түзүп, машина жүрө албагандай кылам дейт го. Мына элди ойлогон накта мэрдин камкордугу. Мээси жайында эмес, же жылышып кеткен.

Айткандай, тыгын жараткан система жаратып туруп, анан тыгынга тиешеси жок Батыш-Чыгыш эки автобекетин шаар четине жылдырып салабыз дейт. Бул эмне деген логика? Анык акмактык эмеспи? 

Негизи, бул эки автобекетти жылдырып салгыдай камок же павильон эмес! Автобекетти көчүрүүгө, жаңысын салууга миллиарддаган каражат керек. Аныгында эки автобекеттин бүгүнкү күндөгү шаар ичиндеги тыгынга (пробка) эч тиешеси жок. Булардын максаты автобекеттин 5.2 гектер жерине көз арткан саясат. Эптеп жерди бошотуп, курулуш компанияларына сатып акча жасоо десек жарашат. Башкача болушу мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости