www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрге “аңчылык” башталды...

Бишкекте жарандык коом өкүлдөрү, экологдор бак-дарактарды кыюуга каршы уюштурган “Биз тумчугуп баратабыз!” аттуу акцияда Бишкек мэри Албек Ибраимовдун отставкасы талап кылынды. Алар тал-теректерди кыюуну токтотууну, абанын булганышынын алдын алууну, шаарды таштандылардан тазалоону, Бишкектин архитектуралык жана инфраструктуралык келбетин бузбоону талап кылышты.

Ушундай талаптар жазылган кайрылуу президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиевге жөнөтүлмөй болду. Расмий маалыматка Караганда, былтыр борбордо 3 миңге жакын бак-дарак кыйылган. Эколог­дор буга чейин Бишкекте абанын булганышы нормадан эки-үч эсе көп экенин айтып чыгышкан.

Булак: "Фабула"

Последние новости