www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 1-октябрдан тартып идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык ээлерине кызмат көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирет. Бул туурасында Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, мекеме мыйзамга байланыштуу бир жума ичинде электрондук капчыктарды идентификациялоо зарыл экенин жарандарга эскертти.
Мыйзам боюнча 1-октябрдан тартып идентификацияланбаган электрондук капчыктардын бардык финансылык операциялары токтотулууга тийиш.
Идентификация үчүн жарандар тиешелүү коммерциялык банктарга, төлөм жүргүзгөн уюмдарга жана уюк байбаныш операторлоруна кайрылышы керек. Шарты жокторго идентификациядан онлайн өтүүгө да мүмкүнчүлүк бар экени айтылды.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда учурда эки миллиондон ашуун жаран электрондук капчык кызматын колдонот.
Коронавирус пандемиясында анын колдонуучулары көбөйгөн.
Ошондой эле, өлкөдө жалпысынан 11 электрондук капчык кызматы бар.
Булак: NazarNews.kg