www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаанын мэриясы чек арада каза болгон чек арачы Бекзодбек Юлдашевдин үй-бүлөсүнө эмне үчүн борбордон батир берилбей турганын түшүндүрдү.
Юлдашев 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон жаңжалда каза болгон.
Мэрия эскерткендей, Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы сессиясында Юлдашевдин жубайы Кодирова Гүлхая Жамалиддиновнага батир берүү чечими кабыл алынган.
Бирок 2021-жылдын 12-июлунда президент Садыр Жапаров Г. Кодировага Бишкектен үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган.
Учурда аскер кызматкеринин жесири үч жаш баласы менен ошол батирде жашайт. Буга байланыштуу маркум Юлдашевдин үй-бүлөсүнө турак-жай берүүнүн зарылчылыгы болгон эмес.
Булак: NazarNews.kg