www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия электрондук аукцион аркылуу 14 имаратты ижарага берди

Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчик департаменти биринчи жолу электрондук аукцион аркылуу 14 имаратты ижарага берди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, https://etp.okmot.kg/ сайтында 38 объектини, анын ичинде төлөмдөрдү кабыл алуу пункттары, төлөм терминалдары, кичи футбол аянтчалары жана башка жайларды жайгаштырган.

Онлайн аукцион аркылуу жарандарга 14 объект 150 миң 550 сомго берилген. Баштапкы сумма 100 миң 125 сомду түзгөн. Калган 24 объект экинчи аукционго коюлганы белгилүү болду.

Басма сөз кызматы реформанын алкагында жерди жана муниципалдык жайларды электрондук аукциондор аркылуу ижарага берүүнүн жол-жобосун так жөнгө салышканын, бул бардык процедураны ачык-айкын жана акыйкат кылып, ошондой эле шаардын киреше бөлүгүн көбөйтөт деп эскертти.

Кошумча маалымат жана консультациялар: 0312614959, 0312614079. Муниципалдык менчик объектилерин ижарага берүү келишимин электрондук форматта түзүү укугу үчүн аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо менен Юстиция министрлигинин сайтынан таанышууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости