www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги күндүзгү стационарлар жалпы 8 миң 86 бейтап кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын пресс-кызматы билдирди.

"8 миң 86 бейтаптын 6 миң 673ү тамчылатма дары куйдурган, 1 миң 349у медициналык кеңеш алган, 57 бейтап ооруканага жаткырылган.

Тогуз стационарда бейтаптарды жалпы 57 дарыгер, 83 медайым, 17 санитардык кызматкер жана ординаттар, ыыктыярчылар кабыл алышууда. Жеке секторлордун колдоосу менен 36 кычкылтек концентратору орнотулган”, - деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, Свердлов районунан кечээ үч бейтап каза болду. Жалпы көз жумандардын саны жети.

Бишкектин төрт районунда иштеп жаткан күндүзгү стационарлардын иштөө убактысы 8:00дөн 22:00гө чейин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости