www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарынан таштандыларды өз убагында чыгаруусун өтүнгөн билдирүү таратты.

--"Күн сайын таң эртеден тартып, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кургак тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн чыгышып, түшкө чейин каттам боюнча таштандыларды чогултушат. Тилекке каршы, айрым компаниялар, дүкөндөр, кафелер таштандыны убагында чыгарбай, атайын техника өтүп кеткенден кийин чыгарышат. Таштандыларды өз убагында алып кетүү үчүн биз чарба субъектилеринен таштандыны саат 8:00гө чейин чыгарууну суранабыз. 20-январга карата 653 көчө шыпыргыч, 118 жүктөгүч жана жүздөн ашык кишиден турган таштанды чыгаруучу бригада штаттык режимде иштеп жатат", - дешти мекмемеден.

Шаардын тазалыгы үчүн күрөшүү үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Калаанын көчөлөрүн, таштанды, кар жана муздан тазалоо боюнча арыздарды мэриянын колл-борборуна 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу калтырсаңыздар болот.

Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182 185 номери кабыл алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости