www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы калаанын бардык жеринде тышкы жарыктандыруу түйүндөрүн модернизациялоо боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, монтаждык жана оңдоо иштери калаанын бардык райондорунда өткөрүлгөн.
Биринчи май району боюнча Манас проспектиси Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин чыгыш тарабы, Киев көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгү жарыктандырылды.
Октябрь району боюнча Анкара көчөсү Октябрь көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейин жарыктандырылып, чырактар өзүн-өзү камсыз кылган изоляцияланган зымга кошулду, демек кырсыктар азаят.
Медеров көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, ошондой эле Медеров көчөсү Байтик Баатыр көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин жарык орнотулду. Жакында №6 кичи району жарыктандырылат, №17 үйдөн №37 үйгө чейин торшердик түркүктөр үчүн 12 бетондук пайдубал түптөлдү.
Ленин районунда Жайыл Баатыр көчөсү менен Жумамадүн Шералиев көчөлөрүнүн кесилишине жаңы кабель жана жарык берүүчү чырактар орнотулду. Терек, Островский, Тыналиев көчөлөрү, ошондой эле Ден Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши коопсуз болуп калды.
Свердлов районунун Жибек-Жолу проспектиси, Будённый көчөсү боюнча Салиева жана Фрунзе көчөлөрүнүн ортосунда, ошондой эле Чүй проспектиси №113 бойлой электр чубалгылары оңдолду.
Жарыктандыруу иштери улантылууда.
Булак: NazarNews.kg