www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Каныбек Иманалиев учурдагы абалдан чыгуунун жолдорун бүгүн, 13-октябрда мамлекеттик резиденциядагы жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Депутаттын айтымында, биринчиден президент кызматтан кетпеши керек. Экинчиден, депутаттар мөөнөтү бүткүчө иштеши керек. Үчүнчүдөн, кайра парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керек.
Ошондой эле Иманалиев шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү зарыл экенин баса белгиледи.
«Шайлоо мыйзамына азыркы абалды эске алып, ушул айдын аягына чейин өзгөртүү киргизсе болот. Шайлоодогу №2 форманы ден соолугуна байланыштуу башка жерге бара албагандарга жана мигранттарга гана толтурууга уруксат берилиши керек. Шайлоодогу 7 пайыздык чекти 5 пайызга чейин төмөндөтүү зарыл. Ошондой эле криминалдардын аралашуусуна бөгөт коюш керек», - деди депутат.
Эскерте кетсек, Иманалиев президент кызматтан кетпеши керек экенин, анткени аны мыйзамдуу түрдө эл шайлаганын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg