www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовго карата чыгарылган өкүмдөр жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Мырзакматовдун иши 8-октябрда каралды. Коллегия мурунку өкүмдөрдүн бардыгын жокко чыгаруу жөнүндө токтом чыгарды. Иштин материалдары биринчи инстанциядагы сотко, тактап айтканда, Ош шаардык сотуна маңызы боюнча кароо үчүн жөнөтүлдү.

Эске салсак, Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрь айында издөөгө алынган. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча сыртынан айып тагылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости