www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талдыкоргондо жигиттерди жыныстык катнашка даярдаган сутенер кармалды деп Polisia.kz сайты билдирди.

Маалыматка караганда, Алматы облусунун Криминалдык полиция башкармалыгына мончо комплекстеринин биринде администратор интимдик кызмат көрсөтүүгө жигиттерди сунуштап жатканы боюнча кабар келген. Башкача айтканда, алар акчага сойкулук кылып жатканы боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалымат тастыкталган. Криминалдык милиция кызматкерлери мончо комплексинин администратору болуп иштеген Талдыкоргон шаарынын 33 жаштагы тургунун кармашты.

Бул факт Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 309-беренесинин 1-бөлүмү боюнча катталган. Администратор өз кардарларына жигиттердин телефон номерлерин түз бергендиги аныкталды. Алдын ала сотко чейинки тергөө улантылууда, башка маалыматтар жарыяланууга жатпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости