www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, баш калаада үй-жайы жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалап, сууктан коргоно турган жайлар даярдалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Октябрь районунда Аалы Токомбаев көчөсүндөгү 12-үйдө жайгашкан комбинаттын имараты 80 орундуу баш калка болуп уюштурулду. Азыркы тапта кырктай киши жашап жатат. Жашоочуларга ысык тамак уюштурулду. Бул жайга 0312 511 938 же 0559 180 218 номуруна чалып, көчөдө калган адамдарды жайгаштырууга мүмкүн.
Свердлов районунда Фере көчөсүндөгү 34А номурлуу үйдө 40 орундуу баш калка бар. Анын номурлары- 0312 360 335, 0706 168 877.
Биринчи май районунда Жибек-Жолу көчөсүнүн 413-үйүндө "Коломто" муниципиалдык баш калка жайында 70 орун бар. Анда кир жуучу жай да каралган, номуру 0312 304 855.
Ленин районунда "Мээримдүүлүк борбору" коомдук фонду аялдар, балдар үчүн баш паанек уюштуруп, бир ирет ысык тамак, медициналык, социалдык укуктук колдоо көрсөтүүдө. Азыркы тапта бул жайда 24 аял 17 бала менен жашап жатат. Дареги Трудовая көчөсү, 10-үй, номуру 0312 641 109, 0702 323 530.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын көчөдө суукта калган кароосуз адамды көрүшсө 102 же 103 номурларына чалууга чакырды.
Бишкекте туруктуу жашаган жайы жок адамдардын расмий саны такталган эмес. Алар кышкысын суукта кыйналгандыктан, муниципиалдык баш калка жайларга барууга аргасыз.
Булак: NazarNews.kg