www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэриянын кызматкерлери:

Шаардык мэриянын кызматкерлери орусиялык блогер Илья Варламовго ыраазычылык билдиришти. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда социалдык тармактарда жарыяланды.

"Биздин өлкө, Бишкектин сонун адамдары тууралуу айткан жылуу сөздөрүнө рахмат", - деп жазышкан муниципалитеттин кызматкерлери.

Кызматкерлер анын Бишкек шаарынын тургундарына карата айтылган жылуу пикирлерине ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле Варламов өзүнүн блогунда шаардагы көйгөйлөрдү талкуулаганын белгилеп өткөн.

Мурдараак  Кыргыз өлкөсүнө келген орусиялык журналист жана блогер Илья Варламов Бишкек шаары жөнүндө тарткан 1 сааттык видеорепортажын жарыялаган.

Анда Варламов Бишкек шаарындагы аллеялардан тартып үйлөрдүн короосу, сейил бактарга чейин сындаган. Ал шаарды өнүкпөй калган деп сыпаттап, көп жагдайлардын көрүнүшүнө түшүнбөгөнүн айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости