www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаары үчүн 46 даана электробус сатып алуу планы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Долбоордун алкагында Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 23 миллион евро бөлүнүп, анын эсебинен ар бири 218 миң евро турган электробустар алынмакчы. Бул бүгүнкү курс менен эсептегенде бир электробус болжол менен 21-22 миллион сомго барабар.

Депутат Жылдыз Садырбаеванын айтымында, троллейбустар кыйла арзан, экологиялык жактан таза жана 30 жылга чейин кызмат кылса, электробустардын батареялары 6-8 жылдын ичинде алмаштырууну талап кылат. Мындан тышкары, батареяларды жаңылоо жана утилдештирүү дагы кошумча чыгымдарды жаратат.

Мындай шартта бир даанасы 20 миллиондон ашкан транспортко басым жасоо канчалык негиздүү деген суроо жаралууда. Мэрия электробустардын артыкчылыгын айтып жатканы менен, эмне үчүн узак мөөнөт кызмат кыла турган троллейбустардан толугу менен баш тартуу зарыл болгону боюнча ынанымдуу түшүндүрмө бере элек.

Шаардык транспорт саясатында эң башкы критерий — элдин кызыкчылыгы жана бюджеттин үнөмдүүлүгү болушу керек. Болбосо, миллиондогон евролук долбоорлордун артында экономикалык эсептен көрө саясий же башка кызыкчылыктар тургандай таасир калтырат.

Последние новости