www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин профилдик комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңы курамына сегиз талапкердин талапкерлигин жактырды. Алардын арасында азыркы БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун да ысымы бар.

Бирок анын талапкерлиги коомчулукта жана саясий чөйрөдө кескин сын-пикирлерди жаратып келет. Шайназаров акыркы шайлоо өнөктүгүнөн кийин коомчулуктун ишенимин жоготконун, анын БШКнын төрагасы гана эмес, жөнөкөй мүчөсү болууга да моралдык укугу жок экени айтылууда.

Коомдогу сындарга көңүл бурсак, акыркы шайлоо Кыргызстандагы эң талаштуу жана эң көп суроо жараткан өнөктүктөрдүн бири болуп калды. Натыйжада шайлоо системасына болгон ишеним солгундап, коомдо нааразылык күчөгөн. Сынчылар мындай көрүнүштөр үчүн жоопкерчилик биринчи кезекте шайлоо процессин уюштурган жетекчилерге жүктөлүшү керек деп эсептешет.

Мындан улам, шайлоого көлөкө түшүргөн адамдар кайрадан жооптуу кызматтарга сунушталып жатса, бул коомчулукка кандай сабак болот деген суроолор көтөрүлүүдө.

«Баары бүткөндөн кийин эмес, азыр сүйлөш керек. Эртең дагы бир шайлоо талаш-тартыш менен аяктап калса, “ошондо эле айтканбыз” деген сөздүн пайдасы болбойт», - деген пикирлер коомчулукта күч. Ырасында шайлоо системасындагы күмөн жараткан көрүнүштөргө бүгүн баа берилбесе, анын кесепети кийинки саясий процесстерде дагы кайталанышы мүмкүн.

Последние новости