www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башынан бери зыяндуу заттарды өрттөө фактыларын аныктоо боюнча 90 рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт. 

Маалым болгондой, рейд көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн. Ишкана жүргүзгөн рейддин алкагында 341 чарба жүргүзүүчү субъектилер: мончо, сауна, жеке менчик үйлөр текшерилген.

Текшерүүнүн максаты – каучук, резина, синтетикалык калдыктарды жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү тыюу салынган заттарды өрттөөнү алдын алуу.

Анын жыйынтыгы менен 255 миң 500 сомдук 24 мыйзам бузуу протоколу түзүлдү. Текшерүүдө көпчүлүк учурда тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары тастыкталган жок, көбүнүн экологиялык паспорттору болгондугу аныкталган. Ошондой эле, инспекция бардык субъекттерге отундун альтернативдүү түрүнө өтүү боюнча эскертүүлөр берилген.

Рейддер 2021-2023-жылдарга Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралар планын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости