www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мандатынан ажыраган эки депутат сотко кайрылды

БШК мандатынан ажыраткан депутаттар Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Бишкек административдик сотуна кайрылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Исамилов менен Алимжанов соттон Борбордук шайлоо комиссиясынын аларды мандатынан ажыратуу тууралуу чечимин мыйзамсыз деп табууну суранышкан.

Исмаиловдун арызы боюнча соттук отурум 17-июлда, ал эми Алимжановдуку боюнча 18-июлда болуп өтөт.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан. Ага жасалма диплом маселеси себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости