www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Азаттык медианын” айланасындагы соттук териштирүүлөр токтогондугу боюнча боюнча билдирүү жасады. 

“Азаттык медиа” чоң коомдук талкуу жараткан, 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес материалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү.

Буга чейин Президент Жапаровдун атына Эркин Европа/радио Азаттык (RFE/RL) радиосунун жаңы президенти жана башкы директору Джеффри Гедминден бул туурасында маалымдаган кат келип түшкөн.

Бүгүн экинчи инстанциядагы сот Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык медианын” ортосундагы тынчтык келишимди бекитти, соттук териштирүүлөр токтоду, “Азаттык медиага” карата чектөөлөр алынат.

Маселени ушундай жол менен жөнгө салуу ушул жылдын февралында эле мамлекет башчысы менен Эркин Европа/радио Азаттык (RFE/RL) радиосунун эми мурдагы президенти жана башкы директору Джейми Флайдын жолугушуусунун жүрүшүндө сунушталган болчу. Тилекке каршы анда баш тартып коюшкан.

Бул, өлкөдө эч ким сөз эркиндигин басмырлайын же тигил же бул ЖМКны чектейин деген ниети жок экенин дагы бир жолу көрсөтөт.

Бирок бардык жарандар, Кыргызстандын аймагында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар — өлкөнүн мыйзамдарына (анык эмес маалыматты таркатууга тыюу салган) милдеттүү түрдө баш ийиши керек.

Ар дайым айтып келгем жана дагы да айтам – сөз эркиндиги бизде болгон, бар жана болот. Ошону менен бирге, бардыгын улуттук мыйзамдарды так сактоого жана анык эмес маалыматты таркатпоого чакырып кетем", - дейт ал. 

Белгилей кетсек, буга чейин Маданият министрлиги “Азаттык Медиа” чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес маалымат камтыган материалды бардык ресурстарынан өчүрүп, соттук териштирүүлөр токтогонун кабарлаган

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости