www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги муниципалдык автобустарда мыйзам бузуулар аныкталып жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирип, жүргүнчүлөрдү жол кире төлөөдөн качпоого чакырды.
Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, борбор шаардагы муниципалдык автобустарда 30 контролёр иштеп, жол кире акысын көзөмөлгө алышууда.
"Буга чейин да бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, жүргүнчүлөр мурда колдонгон талонду жаңы талон катары өткөрүп берген учурлар бар. Мындан тышкары, башка адамдын жеке жеңилдетилген карталарын жана кызыл "Тулпар" карталарын мыйзамсыз колдонуп жүргөн 100дөн ашык жүргүнчү аныкталды. Ал карталар контролерлор тарабынан алынган", — деп жазылат маалыматта.
Мэриядан белгилешкендей, контролерлор күн сайын башка адамдардын картасын колдонуп жүргөн 15ке жакын жүргүнчүнү аныктайт.
Булак: NazarNews.kg