www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер Дональд Трамп АКШнын президенти болсо, анда Украинаны каржылоо кыйла кыскарат. Бул тууралуу россиялык сенатор Алексей Пушков "Парламент гезитине" билдирген.

Анын айтымында, Трамп Ак үйдөгү "белгилүү бир бюрократиялык чөйрөдөн" улам Киевди акча менен каржылоону токтотуу боюнча убадасын аткара албай калышы ыктымал.

"Трамп президент болуп турганда деле көп убадаларын аткарган эмес. Анын чечимдери кечиктирилип, кийинкиге жылдырылып, атүгүл ишке да ашпай калган", — деген Пушков.

Мындан улам ал Дональд Трамп шайлоодо уткан күндө дагы Украинага көрсөтүлүп жаткан жардамды толугу менен токтотуп коет деп кепилдик берүү кыйын экенин кошумчалаган.

"Трамп такка отурса, Киевге колдоо кыскарышы мүмкүн. Кандай болгон күндө да Киев Жо Байдендин тушундагыдай каржы жана аскердик жардамды ала албайт. Ошол эле учурда БУУда жана дипломатиялык деңгээлде Украинага саясий колдоо токтобойт", — деген сенатор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости