www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри, мырза Э.М. Абдыкадыровдун атына Кыргызстандын таза оппозициялык кыймылынан расмий билдирүү келип түштү.

Билдирүүдө:

Урматтуу Эмилбек Мырзакулович!

Биздин Таза оппозициялык кыймыл 2022-жылдын 12-декабрь күнү саат 10:00-18:00 ге чейин Бишкек шаарынын Максим Горький скверинде Бүткүл Республикалык Элдик Курултай өтөт.

Курултайдын негизги максаты:

Курултай Кыргызстандагы өтө курч саясий-экономикалык маселелерди карап, коррупциялык система менен саясий-экономикалык кризисти жоюп, мамлекеттин жаркын келчегин аныктайт. Коррупциялык системаны түп тамырынан жоюу үчүн азыркы бийлик люстрация жасабагандыгына саясий баа берилет.

Курултайга 10 000 (он миңге) жакын делегаттар катышышат жана расмий бийлик менен коомдук-саясий ишмерлер чакырылат. Ошондуктан Курултайдын коопсуздук чаараларын камсыз кылынуу жана конституциялык укуктарыбыздын кынтыксыз сакталышын талап кылабыз, деп жазылган.

Кыргызстандын таза оппозициялык кыймылынын төрагасы Назарбек Нышанов жогорку маалыматты тастыктап, Курултай өтө тургандыгын айтты.

Н.А. Нышанов, 1961-жылы туулган, кесиби боюнча врач, хирург-онколог. 

Последние новости