www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Артисттин талантын, шык-жөндөмү анын сахнада ойногон ролунан, жараткан образдарынан көрүнөт, формалдуу экзамендерден, алдын ала схемага салынган стандарттуу талаптардан эмес. Мындай пикирин белгилүү драматург, режиссер Жаныш Кулманбетов билдирди.
“Аттестациябы же артисттерди кемсинтүүбү?” Дал ушундай ат менен 2009-жылы макала жазып, “Агым” гезитине жарыяладым эле. Анда да аттестация өтө турган болуп, театр коомчулугу ошондо да азыркыдай сарсанаа болуп турган чагы эле.
“Театрды аттестациялоонун жүгү келип эле баягы шоордуу артисттердин мойнуна түштү. Ушул тапта, сахнада аткарган ар бир ролу менен көрүүчүлөргө гана түгүл, дегеле кыргыз элине аттын кашкасындай таанылган эл артисттерден тартып, жашынан карысына чейин, бечера абитруенттерден бетер монолог жаттап, “Станиславскийдин системасын сурайт экен, Чудиновдун ким экенин сурайт экен” дешип күйпөлөктөп жүргөнүн көрүп, алар эмес, биякта турган мен өзүмдү оскарбленный сезип атамын, чиновниктердин аттестацияны өткөрүү принцибине. Мындай формалдуулук менен артисттеринин теңинен көбүн айдап чыкса болот, театрдан”, - деп жаздым эле.
Театр искусствосуна, артисттин чыгармачылыгына карата стандарттуу суроолор, схемалар менен мамиле жасооого болбойт. Театрдын, чыгармачылыктын табияты таптакыр башка. Ушул жагдайдан алганда, театрдагы аттестация эч качан объективдүү боло албай турганына төмөнкүдөй бир мисал келтиргем, ошол макаламда.
“Кыргыз аттестациясынын тарыхынан бир айкын мисал. Дүйнөлүк көркөм классикадагы эң татааал образдардын бири болгон Ф. Достоевскийдин “Кылмыш жана жаза” романынын башкы каарманы Раскольниковдун ролун 20-кылымдын 80-жылдарынын капортосунда кыргыз театрында дүңгүрөтө ойногон нарындык артист Калыбек Назаралиевди, 70-жылдардын аягында Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынан аттестациядан өткөрбөй койгон комиссия “профессионалдык жактан жарамсыз” деп туруп. Ошол “профессионалдык жактан жарамсыз” артистти таланттуу режиссер Алмаз Сарлыкбеков Нарынга алып кетип, Раскольниковдун ролун ойнотуп, Москвага чейин алып барып, орус көрүүчүлөрү менен театр адистерин таң калтырып, кыргыз театрынын сыймыгын арттырган”.
Кийинки эле учурдан дагы бир мисал.
2014-жылы биздин карачечекей министрлигибиздин бир чоң чиновницасы экөөбүз кызыл чеке болуп талашып-тартыша кеттик.
-Театрда балласт көп экен, артисттер иштебей эле келип-кетип айлык алышат экен, баланча айтып жатат, - деди, өмүр бою чоң чиновниктик кызматтарда жүргөн, чыгармачылыкка да аралаша койгон бир белгилүү адамдын атын айтып. Анан кагазын көтөрүп чыкты:
-Мына Гүлайым Каниметова бир жылда 16 эле жолу сахнага чыгыптыр, ал эми мынабул актер 104 жолу ойноптур, - деди, массовкага чыгып жүргөн артисттин атын атап.
Куйкам курушуп кетти.
- Каниметова менен ушул артистти салыштырган атасыңарбы?!. Каниметова ким, бул ким?!. Каниметова какая величина! Каниметова 16 жолу сахнага чыкса - он алты жолу событие болот! Анын 16 жолу чыкканы мынабул артситтин 100 эмес 200 жолу чыкканынан артык! Демек театрга Каниметова эмес, 104 жолу массовкага чыккан артист керек турбайбы! Театрдын спецификасын түшүнбөйсүңөр дагы, анан бирөөлөрдөн бир нерселерди угуп алып ушундай сөздөрдү сүйлөйсүңөр! Мен силерге бир мисал айтып коеюн. Великая Бакен Кыдыкеева 5 жылдап, 10 жылдап роль албай калган учурлары болгон. Ошол эле маалда театрда Атабаев менен Бузурманкулов күн сайын массовкага чыгышчу. Значит, сиздин оюңузча театрга Кыдыкеева эмес, Атабаев менен Бузурманкулов керек турбайбы. Анда балласт деп туруп Кылыкееваны театрдан айдап чыгат белек?!. А роль албай жүргөнү Кыдыкееванын күнөөсү бекен? Режиссерлор роль бербесе эмнени ойнот?!
-Биз режиссерлорго көрсөтмө берип коебуз, - деди чиновница куйкамды ого бетер куруштуруп.
-Берип кое албайсыңар! Силердин көрсөтмөңөрдү режиссер тоошумуна да албайт. “Мен бул ролдо ушул актрисаны, же ушул артистти гана көрүп атам” деп коет. Караманча эч нерсе кыла албайсыңар. Ошол өзү “көрүп аткан” артисттер менен иштеше берет. А калган артисттер ролсуз жүрө беришет. Антипатия, симпатия деген болот, театрда. Ал дагы чоң роль ойнойт. Театрдын спецификасы ушундай, -дедим ого бетер ачуум келип.
Же мен аны ынандыра алдымбы, же театрдын табиятына өз туюму жеттиби, айтор чиновница андан кийин бул теманы козгогон жок.
Маселенин дагы бир жагы атайын билимге байланышкан. Айрыкча элет жериндеги атайын билими жок таланттар ушул тапта чийки май жегендей болуп турушканын да түшүнсө болот. Ошол макаламда бул маселе туурасында да төмөкүдөй аргументтерди келтирдим эле.
“Артисттик кесип, дегеле көркөм чыгармачылык билим менен да, эрудиция менен да өлчөнбөйт. Талант бир гана жараткандан берилет. Бир эмес миң билим алсаң дагы, энциклопедия болуп кетсең дагы, вундеркинд болуп кетсең дагы кудай сага шык-жөндөм бербесе эч качан сүрөткер боло албайсың! Эч качан Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Сүймөнкул Чокморов боло албайсың! Бул аксиома! Кыргыздын театры менен киносунун атагын чыгарган 20-кылымдагы улуу таланттар: Муратбек Рыскуловдун төрт класс, Бакен Кыдыкеева менен Даркүл Күйүкованын жети класс билими бар. А Голливуд менен "япон киносунун императору" Акира Куросава суктанган Сүймөнкүл Чокморовдо дегеле артисттик билим жок - сүрөтчү. Станиславскийдин системасы түгүл анын атын-жытын жакшы билбеген ушул улуу таланттардан кандай аттестация алууга болот?!. Же аларды Станиславскийдин системасын билбейт экенсиңер, республикалык жетекчилердин да иштеген кызматтарын жөндөп айта албай койдуңар, атайын билмиңер да жок, деп туруп театр менен кинодон айдап чыгат белек?! Азыркы аттестация өткөрүү логикасына салганда дал ушундай болмок. Талантка карата мындай формалдуу мамиле кылууга болбойт.
Ошол 20-кылымдагы орус театрынын улуу реформатору аталып жүргөн К.С.Станиславскийдин да атайы артисттик билими болгон эмес. Ал атасы фабрикант Алексеевдин үй театрында (домашний театр) бала кезинен тартып роль ойноп, оюн коюп чоңойгон. Ал эми музыканын генийи Вольфганг Амадей Моцарт тырнактайынан тартып укмуштуудай жөндөмдүүлүгүн айгинелегенин эң сонун билебиз. Анын жанында академиялык билими бар Сальери Моцарттын генийинин табиятына түшүнө албай, бул билимсиз плебей ушундай татаал искусствону дискредитация кылып атат деп, бир чети көрө албастыктан аны уулантып өлтүрдү деген версияны гениалдуу орус сүрөткери А.С.Пушкин жазып кеткен. Аткана тазалап жүрүп артист, драматург болгон Шекспир генийби, же анын замандашы, төрт жүздөн ашуун пьеса жазып, жалгыз гана “Вольпонасы” тарыхта калган билими ашып-ташыган академик Бен Джонсон генийби?
Тарыхтан эң сонун билебиз, кыргыз сыймыктанган улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду биздин жазуучу-сальерилерибиз “зоотехник, журналист бала” деп сыртынан теңсинбей, тымызын кемсинтип, жада калса “Жамийласын” “бузулган аялдын образы” деп жамандашып, куугунтукка алууга аракет кылышканын, дегеле анын жазуучу экенине шек келтиришкенин.
Бар болгону эки жылдык ремеслолук окуу жайын гана бүтүргөн орустун гениалдуу жазуучусу, жыйырма эки жашынан тартып “Тынч Донду” жаза баштаган Михаил Шолоховдон кандай аттестация алууга болот?! Же “Шолохов адабият институтун бүтүргөн эмес, саясий билими да жетишсиз, эмне үчүн Вешенскиге кетип калат, таптык күрөш курчуп атканда” деп туруп анын жазуучу экенинен отказ беребизби?!
Да, билим керек. Ар бир адам үчүн маалыматтуу болуу зарылдыгы бар. Бирок билим дагы, маалыматтуулук дагы эч качан табият берген талантты алмаштыра албайт. Бар болгону анын ачылышына, калыптанышына гана өбөлгө түзө турган инструменттер алар. Теориялык көрөңгөңдү байытуучу практикалык ролу, кругозорду кеңейтүүчү гана мааниси бар. Бирок булардын бири дагы талантты алмаштыра турган абсолюттуу ролго дегеле ээ боло албайт”, - деп жазгамын.
Буларды айтып жаткан себебим – театрдын спецификасы таптакыр башка. Артисттин талантын, шык-жөндөмү анын сахнада ойногон ролунан, жараткан образдарынан көрүнөт, формалдуу экзамендерден, алдын ала схемага салынган стандарттуу талаптардан эмес.
Жогорудагыдай жагдайларды түшүнбөй, эске албай туруп, аттестация өткөрүү – чоң катачылык болуп калат", - деди Кулманбетов.
Булак: NazarNews.kg