www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин Германия тарапты Украинадагы окуялардан улам мамилени карап чыгууга чакырганын Кремль билдирди.

Ал ФГРдин канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшкөн. Эскерте кетсек, бул диалогго экинчи тарап кызыкдар болуп, демилге көтөргөн.

Путин сүйлөшүү учурунда атайын операцияны өткөрүүнүн принципиалдуу ыкмаларын кайрадан айтып берген. Ал батыш мамлекеттеринин, анын ичинде Германиянын Киев режимин куралдандырып жана Украина аскерлеринин согуштук даярдыгын арттырып жаткан деструктивдүү кадамдарына токтолгон.

"Мунун баары, аны менен катар эле Украинага саясий жана финансылык жактан көрсөтүлүп жаткан колдоо Киевдин сүйлөшүүлөр туурасындагы идеяларды четке кагып жатканына алып келет. Мындан сырткары, украиналык радикал улутчулдардын тынч элге карата жаңы, кандуу кылмыштарды жасашына дем берет", — деген РФ лидери.

Президент Россиянын куралдуу күчтөрү Украинанын аймагын ракета менен так бутага алуудан көп мезгилге чейин карманып келгенине токтолгон. Бирок Киевдин Россиянын инфраструктураларына, Крым көпүрөсүнө жана энергетика объектилерине жасаган чагымчылдык соккулары аргасыздан жооп кылууга түрткөнүн белгилеген.

Ошондой эле "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2нин" газ куурларына жасалган террордук актылар тууралуу да кеп болгон. Россиядан дан жана жер семирткичтерди алып чыгууда жасала турган иштер, "эгин келишимин" сөзгө туруп, абийирдүүлүк менен аткаруу маселеси да көтөрүлгөн.

Последние новости