www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель Украинага тилектештигин билдирип, өлкөдө болуп жаткан окуяларды "терең бурулуш" деп атады. Бул Германиянын өкмөт башчысынын Орусия Украинага басып киргенден берки биринчи ачык комментарийи. Мурда жаңжал тууралуу билдирүүлөрдү Меркелдин атынан анын кеңсесинин өкүлдөрү тараткан.

Меркель 200дөн ашуун конокко кайрылып, немис профсоюздук бирикмесинин жетекчиси Райнер Хоффмандын кызматтан кетишине арналган салтанатта: «Мен Орусия кол салган Украина менен биргемин жана алардын өзүн коргоо укугун колдойм», - деди.

Меркель, ошондой эле, Орусиянын Украинадагы аскерий аракети «Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан берки Европа тарыхындагы эл аралык укуктун одоно бузулушу», - деп билдирди.

Маалымат үчүн айта кетсек, Меркель 2014-жылы Украинадагы төңкөрүш учурунда Германиянын канцлери болуп иштеген, андан кийин анын катышуусу менен Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Минск келишимдерине кол коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости