www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Интер Майами" стадионунда пол жууп иштеген клубдун оюнчусу Лионель Мессиден кол тамга алганы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу La Nation басылмасы билдирет.

Колумбиялык Кристиан Саламанка унаа токтотуучу жайдын жанындагы дааратканаларды тазалап жатканда футболчулар автобус менен ал тарапка келип токтогонун айтат. Мага: "!Эй, дүйнө чемпиону!" деп кыйкырган жетиштүү болду. Анан ал бурулуп карады. Көйнөгүмдүн топчуларын чечтим. Ичинде Аргентинанын футболкасы бар болчу. Ал ага кол тамга калтырды", - дейт кызматкер.

Саламанка ушундан кийин коопсуздук кызматкерлери келип, аны сыртка алып чыкканын, бирок ал кылганына өкүнбөй турганын кошумчалады. "Ар бир секунд баалуу болчу" дейт пол жуугуч.

Белгилей кетсек, Месси 15-июлда "Интер Майаминин" оюнчусу болгон. Анын америкалык клуб менен келишими 2024/2025-сезондун аягына чейин түзүлгөн. Marca басылмасынын маалыматына караганда, форвард жылына 50-60 миллион доллар киреше табат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости