www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Эл алдамчылыктын курмандыгы болууда

Кыргыз элине кылымдардан келаткан энчи кыргыздар бейкапар эл. Анын бейкапарлыгынан пайдаланышып элди алдап кеткендердин жүзү курусун! Бакыт Сейитовдун айтуусунда акыркы учурда биздин көптөгөн жарандарыбыз алдамчылардын курмандыгы болууда. Бул тууралуу ИИМ министри Улан Ниязбеков кан-какшап атат. Ниязбековдун айтымында, буга чейин жарандар каржы пирамидалардан, жер тилкелерин саткан шылуундардан, турак-жай кооперативдеринен жабыркап келишкен болсо, бүгүнкү күндө жалган туризмден, электрондук акча жүгүртүүдөн, биргелешкен бизнестен жана алдамчылыктын жаңы түрү болгон электрондук кумарканалардан жабыркап жатышат.

"Оңой олжо менен алектенген адамдарга, алардын бириккен топторуна, уюштурган тараптарга эч кандай ырайым болбошу керек. Адам укуктары толугу менен корголуп, мыйзамдын үстөмдүгү өкүм сүрүп, калыстык дайыма болушу үчүн, бул маселени жер-жердеги биринчи жетекчилер көзөмөлгө алыңыздар.
Айрым кызматкерлердин өз ишине шалаакы мамилесинен, жең ичинен жасаган жоруктарынан жарандарыбыз чындык издеп, жогорку инстанцияларга кайрылып, жардам сураган учурлары аз эмес. Мындан ары, арыз-билдирүүлөрдү өз учурунда мыйзамдуу чече албаган, элдин кайрылууларына көңүл бурууга жарабаган кызматкерлерди, алардын түздөн-түз жетекчилерин аныктап, катуу тартиптик чараларды көрүү үчүн жаңы эрежелерди ишке киргиздик.
Заманбап кадамдар менен бекитилген чаралар, ички иштер органдарынын ачыктыгын жана элдин арыз-даттанууларын өз учурунда чечүүгө жакшы көмөк көрсөтөт. Ишмердикти жеңилдетип, кайталоочу процедуралардан жана ашыкча бюрократиялык учурлардан арылуу максатында электрондук документ жүгүртүү тутумун мындан ары да жакшыртабыз.

Санарип тутуму биринчи кезекте жарандарыбыздын кызыкчылыгы үчүн иштеши абзел. Ушуга окшогон тейлөөлөрдүн сервистик моделин, милициянын ишмердигиндеги бардык аспектилерине киргизүү башкы максаттардын бири экендигин баса белгилейм", - деди министр Ниязбеков.

Коомчулукта орун алып, интернет тармактарына тарап жаткан зордук-зомбулук же чектен чыккан бейбаштык фактылары балдардын аң-сезимин деформациялап, туура эмес атмосфераны жаратууга түрткү берет. Демек, ички иштер органдары баалуулуктар тутумун жана адамдардын жүрүм-турум үлгүлөрүн өзгөртүүгө үлгү болгон жакшы сапаттарды калыптандырууга салым кошуусу зарыл.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости