www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мигранттар тогуз айда 2 млрд. долларга жакын которушту

Улуттук банктын маалыматына караганда 2020-жылдын тогуз айында чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар өз өлкөсүнө 1,955 млрд. доллар которушкан. Бул былтыркы тогуз айлык көрсөткүчкө караганда 45,5 млн. долларга аз.
Которулган акчанын 97,9% же 1, 914 88 млрд. доллар Орусиядан которулган. АКШдагы кыргызстандыктар 18,39 млн. доллар которушкан. Башка мамлекеттерден 14,64 млн. доллар келген.

Улуттук банктын маалыматына караганда октябрь айында өлкөдөн сыртта жүргөн кыргызстандыктар 226,2 млн. доллар которгон.

2019-жылы Кыргызстанга жалпы 2, 406 млрд. доллар которулуп келсе, 554 млн. доллар сыртка чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости