www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын бийлиги чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттардын туугандарын азык-түлүктү арзан баада сатып ала турган жарандардын тизмесинен чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, субсидияланган азык-түлүк абакта отурган жарандардын үй-бүлөлөрүнө да берилбей калышы мүмкүн. Мындан тышкары өлкө аймагында жүргөн жарандыгы жок адамдар да арзандатылган азык-түлүк сатып алуу укугунан ажыратылыш ыктымал.

Мындан ары субсидияланган азык-түлүктү жарандардын бир канча гана категориясына, анын ичинде мүчөлөрүнүн бири аскерде кызмат өтөп жаткан үй-бүлөлөргө, ардагерлерге жана тылда эмгектенген жарандарга сатуу пландалууда. Ошол эле маалда алардын бардык коммуналдык кызматтар үчүн карыздары төлөнгөн болушу шарт.

Түркмөнстандагы экономикалык кыйынчылыктар пандемия маалында өзгөчө курчуду. Калктын көп бөлүгү мамлекет чегерген баа менен сатылган тамак-ашка көз каранды.

Буга карабай бийлик кризисти, каатчылыкты жана пандемиянын элдин жашоосуна тийгизген залакасын танып келет.

Өткөн жумада Ашхабаддын бийлиги арзандатылган азык-түлүктүн көлөмүн кыскартып, мындан ары Кеши кичи районундагы бир үйдө бир нече үй-бүлө жашаса да, аларга бир гана паёк (субсидияланган азык-түлүктүн топтому) бериле баштай турганын кабарлаган. Буга чейин алардын ар бирине паёк өзүнчө берилип келген.

Мындан тышкары, шаардын дагы бир районунда субсиядаланган азык-түлүктүн тизмесинен өсүмдүк майы чыгарылган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бир паёкко бир килограмм шекер, тооктун эки буту, бир литр суу май кирет. Кээ бир жерлерде 15 даана жумуртка кошулган. Бул азыктар бекер эмес, бирок базардагыдан арзан сатылат. Мамлекеттик дүкөндөр азык-түлүк чектелген көлөмдө келип жатканын айтышууда. Алар элге субсидияланган азыктар айына бир гана жолу сатыларын эскертишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости