www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек арачылар Баткен облусунда Тажикстанга контрабандалык жүк ташып бараткан автоунааны дөңгөлөккө атып токтотту. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-ноябрда, чек ара кезмети Лейлек районуна караштуу Маргун — Арка автоунаа жолунда кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын 30 жаштагы Р.С. аттуу жараны башкарып бараткан Mercedes-Benz Sprinter жүк ташуучу унааны токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу мыйзам талаптарына баш ийбей катуу ылдамдык менен айдап өтүп кеткен.
"Чек ара кезмети алгач асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, андан соң дөңгөлөккө аткан. Анын ичин текшергенде бир тоннадан ашуун момпосуй табылып, жүккө тиешелүү документтер болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү иш кагаздары толтурулган соң кармалган айдоочу жана жүк андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Булак: NazarNews.kg