www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили "кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып, сыртынан 3 жылга кесилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мындай чечимди бүгүн, 5-январда Тбилиси шаарынын соту чыгарды. Михаил Саакашвили 2006-жылы банк кызматкерин өлтүрүп соттолгон 4 полиция кызматкерин мөөнөтүнөн мурда актагандыгы үчүн соттолду", - деп жазылат маалыматта.
Андан тышкары, Михаил Саакашвили Грузияда башка кылмыш иштери боюнча да айыпталууда жана Грузияга экстрадицияланышы мүмкүн. Михаил Саакашвили Грузиянын жарандыгынан ажыратылып, учурда Украинада болууда. Ал Украинанын жарандыгынан да ажыратылган, бирок бийликтин бул чечимин тааныбай келет.
Булак:NazarNews.kg