www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Хирургия илимдеринин кандидаты, микрохирург Бакыт Өмүрзаков 17-июлда дүйнөдөн кайтты. Ал пневмониядан каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Бакыт Өмүрзаков 1960-жылы туулган. Ал Улуттук госпиталдын пластикалык, реконструктивдик микрохирургия жана кол хирургиясы бөлүмүндө иштеген. Андан кийин Улуттук педиатрия жана балдар хирургиясы борборунда пластикалык микрохирург болуп иштеген, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун тубаса кемчиликтери үчүн хирургия бөлүмүн жетектеген.
Акыркы жылдары Бакыт Өмүрзаков пластикалык жана эстетикалык хирургия боюнча өзүнүн медициналык борборун жетектеп келген.
Булак: NazarNews.kg