www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жеңишиң кут болсун! Бул тууралуу өз оозуңдан уксак...

- Бул конкурска эки жыл бою даярданып келе жаттым, орто жолдо көптөгөн кыйынчылыктар болду. Бирок, Кудайга шүгүр, конкурс ойдогудай
болуп өтту. Менин ушул жеңгениме Айчүрөк эжекемдин акыл насааты жакшы таасир этти. Эжеге мен абдан ыраазымын жана албетте ата-энеме терең урматым менен ыраазычылыгъгмды билдирем, алар болбосо менин бул жетишкендиктерим түшкө дагы кирбейт болчу. Хакасиядагы «От ыры» эл аралык фестиваль- сынагында көптөгөн мыкты ырчылар катышты. 20 өлкөдөн 25 катышуучу болду. Конкурс аябай кызыктуу, кучтүү болду, Менимче баары жеңишке татыктуу. Анткени ар бир конкурсанттын өзгөчө таланты бар экен. Менин атымды атап жатканда абдан толкунданып, Кыргызстаныма жеңиш алып келгениме сүйүнүп турдум. Бул - Кыргызстандын жеңиши!

- Кайсы ырларың жүрөгүңө жакын, кайсы ырчылар менен жакшы мамиледесиң?

- Мен бүт ырчылар менен жакшы, сый мамиледемин. Ар бирин урматтайм. Ырчылардан эң жакын досум Толгонай Арзыкеева менен кичинекей кезимен бери таанышмын. Ал эми ыр тууралуу айтсам, менин жүрөгүме жакын деп «Алгач сүйүү» ырымды атайм.

Булак: АЗИЯньюс

Последние новости