www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокен РИИБи тарабынан мектеп окуучулары арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатындагы ата-энелер менен жолугушуулар байма-бай өткөрүлүп келүүдө. Атап айтсак Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчилигинин катышуусундагы мектеп рекетчилигин жана топтошуп мушташууларды болтурбоо багытындагы жыйындар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр интернет тармагына көп көңүл буруп, ар түрдүү терс жагдайларга күбө болуп жатышкандыгы милиция тарабынан айтылып, бул учурдун көйгөйлүү маселесин чечүүдө ата-энелерди кайдыгер болбой өз балдарына көзөмөл кылууга чакырышты. Жаштардын интернет желесине тартылуусу окууга болгон мамиленин төмөн болуп жаткандыгы менен түшүндүрүлдү. Ошондой эле эрте турмуш куруунун терс жактары айтылып, айдоочулук күбөлүктөрү жок балдарын автоунаа айдатпоо керектиги эскертилди. 

Мындай алдын алуу иштери Сакалды айыл өкмөтүндөгү мектептерде дагы уюштурулду. Бул сыяктуу түшүндүрүү иштери район аймагындагы башка билим уяларында атайын түзүлгөн графиктин алкагында билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте алдыда дагы улантылмакчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости