www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев милицияга буга чейин түшкөн арыздын негизинде чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтар боюнча, ушул жылдын 30-май күнү Октябрь РИИБне Н.Абдрхманов аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 3-майда Facebook социалдык тармагында “Акыйкат KG” тобундагы Малика Асылбек кызы жана Кайрат-Күнтуу (Кайрат Осмоналиев) деген лакап аттар менен аккаунттар ага жана анын кесиптештерине карата такталбаган маалыматтарды таратышып, алардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиришкен.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш кодексинин 186-беренеси “жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу” боюнча катталган.

“Коронавирус пандемиясына байланыштуу милиция оор жана өзгөчө оор кылмыштарды иликтеди. Азыр эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандыктан, тергөөчүлөр сотко чейинки процесстин калган материалдары боюнча катышуучуларды  чакыра башташты. 7-сентябрда тергөөчү Кайрат Осмоналиевге телефон аркылуу материал боюнча процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн чакыруу кагазы менен чакырыларын айткан” – деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости