www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караколдо шаардык ички иштер бөлүмү милиция кызматкерлери кош бойлуу келинди сабаганга шектелүүдө деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ, 23-сентябрда Акыйкатчы институту маалымат тараткан. Анда Омбудсмендин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө келин кайрылып, эки милиционер жана бир тергөөчү кол салганын, бул окуядан кийин беш айлык түйүлдүк боюнан түшүп калганын айтып берген.

Каракол ИИБдин версиясы боюнча, 5-август күнү милицияга А.А. аттуу 22 жаштагы тургун арыз жазып, ошол күнү болжол менен саат 14:00дөр чамасында батирде чогуу жашаган бир тууган эжеси А.Г. жана жездеси Т. Н. аны сабаганын билдирген. Урушка анын паспортун экөө уруксатсыз күрөөгө коюп салгандан улам чыкканы айтылат. Арыз Жоруктар кодексинин "Үй-бүлөдөгү зомбулук" беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал жабырлануучу жеңил жаракат алганын көрсөткөн.

"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында аялды 32 жаштагы А.Г. жана анын 32 жаштагы жолдошу Т.Н. сабаганы аныкталган. Аларга шектүү катары кабарлама берилип, соттун кароосуна жөнөтүлгөн", — деп жазылган маалыматта.

Милиция А.Г. өзүнүн жоопкерчилигин жашыруу максатында кызматкерлерди каралап жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости