www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар да жөн жүрүшпөйт эмеспи. Койду кыргыздар баалашат, бекер жерден анын атын «кой» дешкен эмес, эти да алтын, сүтү да алтын, жүнү да алтын, жада калса богу да алтын, кой муну баалаш керек дешип, "кой" коюшкан. Ал эми орус тилинде «баран» деген сөз башы иштебеген, кем акыл адамдарга ыйгарылат. Улутуна карата сөздөрдөгү айырмачылык Бокс боюнча дүйнө чемпиону, учурда мамдуманын депутаты, «Мир» телеканалынын алып баруучусу Валуевди кыргыз элин сотко берүүгө аргасыз кылды. Анткени, кыргыздар жөн жүрүшпөй асыл тукумдуу, эң зор ириктин атын анын атынан атап коюшуптур. Аны «баранга» теңешкени үчүн Николай катуу арданыптыр: «Мени аюуга, жолборско, жылкыга, төөгө же букага теңешсе эптеп чыдайт элем, бирок менин атымды 150 килограммдык «баранга» теңегени кыргыздардын катуу кеткени» -деп катуу кыжырланып жатат. 20 миң долларлык Валуев аттуу ирикти эми шишкебек жасап алсын деп алдына түшүп «Кожомкул» -депутатка бербесе болбой калды, болбосо бокстан чарчабаган Коля соттон да чарчабайт болуш керек.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости