www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы көпүрөнүн алдынан табылган аялдын сөөгүн сырттан кароо учурунда зомбулуктун белгилери байкалган жок. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы 7-Апрель менен Кийизбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн алдынан 45-50 жаштагы аялдын жансыз денеси табылганын кабарлаган.

Милициядан билдиришкендей, адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат кечээ, 13-апрелде кечки саат 19:30 чамасында келип түшкөн. Жерине Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган.

Аталган факт КЖБРга катталып, экспертизалар дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости