www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-июнда Чолпон Ата шаарында жайкы туристтик сезон учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча Ысык-Көл областынын ИИОнун каражаты менен күч түзүмдөрүн бөлүштүрүү боюнча чогулуш болду.
Бул жөнүндө ИИОнун Басма сөз кызматы билдирди. Гарнизондук бөлүштүрүүгө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Алмазбек орозалиев катышып, өздүк курамдын, форма кийимдери менен камсыздалуусун, патрулдук милициянын экипажын техникалык каражатттарынын даярдыгы менен таанышып чыкты. Танышуып чыккандан кийин, жайкы маалда Ысык - Көл областынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоочу милиция кызматкерлерине кайрылуу жасады.
Алмазбек Орозалиев жайкы эс алуу маалында коомдук коопсуздук менен тартипти камсыздоодо бүтүндөй ыкчам жана алдын алуу иш-чаралары көрүлгөнүн белдирди. Республика аймагында 2017-жылдын туристтик сезону учурунда чет өлкөлүк туристтердин жана жол эрежелерин коопсуздугун, коомдук тартипти камсыздоодо ыкчам-алдын алуу мүнөзүндөгү иш-чараларды өткөрүүгө бир нече буйрутмалар берилгени жана эс алуучулар менен чет өлкөлүк туристтер тарабынан доо-арыздар түшө турган болсо убагында ыкчам аракеттенүү менен чечилет.
“ Биз милиция кызматкерлери, Ысык-Көл обастынын аймагында жайкы туристтик маалда коомдук коопсуздукту жана жол эрежелеринин коопсуздугун жогорку денгээлде камсыздоо керек. Ар бир милиция кызматкери жарандардын жана эс алууга келген коноктордун кайрылуусуна сыйло урматында жумшак жана так болушу, кызматтык тартип менен мыйзамдуулукту бекем сактоосу кажет. Андан сырткары, кылмыштуулук жана уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү ишин күчөтүү керек”,-деп Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев милиция кызматкерлерине кайрылды.
Областтын ИИОнун маалыматында, аймакта 207 ден соолукту чыңдоочу мекемелер, анын ичинен Ысык-Кол районунда 180ни жайгашкан. Буга байланыштуу ИИОнун күчтөрдү жана каражаттарды бөлүштүрүү боюнча штабы Бозтери айылдык милиция болүмүнө жайгашат. Коомдук коопсуздукту камсыздоо күнүнө 500 ашык милиция кызматкерлери кызмат кылат. Жайкы туристтик сезон учурунда ыкчам-тергөө тобу, Ысык-Көл райондук ички иштер органынын ар бир айылдык милиция бөлүмдорүнүн мобилдик тобу кызматта болушуп, курамына аймактык инспектор кызматкери, тергөөчү, кылмыш иликтөө ыйгарым укуктуу өкүлү кирет. Милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамдуулукту бекем сактоо менен кызматтык тартип бузулбагандыгын текшерүү максатында “Офицердик көзөмөл” кызматта болот.
Акыркы жылдары туристтер арасында тоо туризмине кызыгуулар күч алгандыктан, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунун белгилүү жайлоолорунда убактылуу милиция бөлүмдөрү түзүлөт. Милиция кызматкерлеринин санынын көбөйүшү туристтердин санына жана ыкчам абалга көз каранды болот. Ысык-Көл жээгинде жайкы курорттук сезондо эс алууда милиция кызматкерлеринини көзөмөлдөөсү ден соолукту чыңдоочу мекемелердин башчысыларынын тарабынын сунушунун негизинде ишке ашат  деп билдирет КР ИИМдин Басма сөз кызматы.
Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости