www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлерине жардам көрсөтүлдү

Өзгөчө кырдаал учурунда кызмат өтөп жаткан тартип сакчыларына 100 кап унду жардам иретинде берген. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Арап Нийматовдор өз ара макулдашып, берилген ундарды Баткен облусундагы муктаждыктары зарыл болгон ИИМ ардагерлерине, жер-жерлерде санитардык карантиндик посттордо узак убакыттан бери кызмат өтөп жаткан үй-бүлөлүү кызматкерлерине жана техникалык тейлөө персоналдарына таратып беришти. Берилген ундар ар бир кызматкердин үйлөрүнө жеткирилип берилди.

Ушундай кырдаалда ИИОнун ардагерлерин көңүл сыртында калтырбай, аларга азык-түлүктөн жардамдар көрсөтүлгөнүнө ыраазычылыктарын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости