www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылы Кашкар Жунушалиев демилгелеп, азыр каралып жаткан кодексте милициянын аракетине көп көңүл толбой турат. Бул мыйзам кабыл алынса милициянын колу-буту тушалып, «күн карама» сыяктуу болуп кала тургандай. Ягода, Ежов, Берия деген милициянын ачендиктери болгон. Керек болсо алар Сталиндин айлана-чөйрөсүндөгүлөрдү бүт каматып, аттырып салчу. Берия Сталиндин орун басары Молотовдун жүрөгүнүн үшүн алып аялын камап, өзүнө муштум кезеп турган. Молотов кийин 1986-жылы токсон алты жашында каза болгондо сбербанкта 500 рубль акчасы гана болуптур. Азыр он беш мамлекетти бириктирген СССРди койолу, Кыргызстанда эле акчаны мүшөгү менен ташып жатат.

Октябрь революциясынан соң 1917-жылы 4-декабрда кылмыштардын иши бүттү дешип, НКВД кылмыш-иликтөө бөлүмүн жоюп салышкан. Бир жылдан кийин 1918-жылы 5-октябрда бул бөлүм кайрадан ачылган. Милициянын кадыр-баркы көтөрүлүп отуруп НКВД мамлекеттеги эң кубаттуу коопсуздук органына айланган. Сталиндик репрессиялардын башында НКВД милициялары турушкан.Азыркы болуп жаткан реформалардын учурунда пара алган коопсуздук кызматкерлерин катуу чара көрүлө баштаганда, Кыргыз Республикасынын «Ыкчам –иликтөө ишмердүүлүгү» жөнүндө Кодексинин жаңы редакциясында эл кубана турган жакшы беренелер киргизилгени менен милиция прокурорго жетеленип калгандай. «Туулганына сүйүнбөй, турганына сүйүн» дешет кыргыз эли, жакшы жөрөлгөлөр ишке ашып кетишине тилектешпиз.

2019-жылы Кашкар Жунушалиев демилгелеп, азыр каралып жаткан кодексте милициянын укутарын азайтып прокуратура, сотторго көп укуктар берилди. Кодекске байланышкан долбоор иштелип чыкты. Мында практика жүзүнө колдонулган көптөгөн келишпестик нормаларды карап, талданды. Жалпы 285 кодекске өзгөртүүлөр кирди. Мисалы, дал келбестиктер, карама-каршылыктарга абдан катуу көңүл бурулду. Жазалануучулардын жана жабырлануучулардын укуктарын карап, аларды сактаганга аракет кылышты. Ошондой эле, бардык кылмыштардын жазаларын жеңилдетти. Жарандар ар кандай дооматтарды айткандыгына байланыштуу булардын баары эске алынды. Андыктан сот гана акыйкат чечим чыгарышы керек деген максатта, аларга көп укуктар берилди.

Ал эми ишкерлер боюнча жазаларды төмөндөттү. Эгер ал мамлекетке келтирилген зыянды бюджетке толугу менен төлөп берсе, жазасын жеңилдетүү керек деген бүтүмгө келишти. Мисалы, мыйзамсыз тендерлер боюнча дагы нормалар сакталды. Тактап айтканда, кылмыш кылган ишкерлердин жана жабырлануучулардын дагы укуктары дыкаат каралды.

Ушул кодексти кабыл алар алдында Ички иштер министрлиги кыздарга тийишкен жигиттерди жети суткага чейин камакка алууну сунуштап жатат. 2021-жылдын 24-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракет көрүү комитетинде күч кызматкерлеринин айым депутаттар менен биргелешкен жыйынында айтылды.

Милиция тарабынан "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамды кеңейтилип, бейтааныш кишилердин жасаган зомбулуктарын да киргизүү керектигин билдирди."Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамга жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдү жана коркуткандарды камакка алуу ордерин берүү тууралуу беренени сунуштайбыз. Натыйжада улам тийишип, ыдык көрсөтүп жаткан жигит жети суткага камакка алынат жана андан жабыр тарткан кыз корголот.

Адам уурдоонун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызы менен Айзада Канатбековага да жигиттер алгач тийишип, соңунда ушул абалга келгенден улам болсо керек. Буга чейин ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү үчүн атайын бөлүм ачыларын кабарлаган.

Ош шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын ИИМдин чек арага чектеш аймактарындагы башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн жетекчилери жолукту. 2021-жылдын 24-июнунда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдындагы чек арага чектеш аймактардагы ички иштер органдарынын жетекчилери менен Өзбекстан Республикасынын ички иштер министринин орун басары, полковник Бекмурод Абдуллаевдин жетекчилиги алдындагы өзбек делегациясынын кыргыз-өзбек ведомстволор аралык Координациялык жумушчу тобунун кезектеги отуруму болуп өттү.

Бирдиктүү иш-чарага чек арага чектеш аймактардагы Кыргызстандын Ош ШИИБдин, Ош ОИИБдин, Жалал-Абад ОИИБдин, Баткен ОИИБдин, ал эми Өзбекстандын Андижан, Наманган жана Фергана облустарынын ИИБдин жетекчилери катышты. Ошондой эле, бул иш-чарага чек арага чектеш аймактардагы райондук жана шаардык деңгээлдеги ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен Кыргызстандын Ош облусунун Кара-Суу РИИБдин, Баткен облусунун Кадамжай РИИБдин, Кызыл-Кыя ШИИБдин, Жалал-Абал облусунун Ала-Бука жана Аксы РИИБдин, Өзбекстандын Андижан Пахтаабад районунун, Ханабад шаарынын, Фергана облусунун Риштан, Сох райондорунун, Наманган облусунун Касансай районунун ички иштер башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн начальниктери катышты.

Отурумда жалпы кылмыштуулук жана анын алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, экстремизм жана терроризм, адамдарды сатуу менен күрөшүү, кылмышкерлерди издөө ишмердүүлүгү, баңгизатты, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү, андан сырткары чек арага байланышкан коопсуздук маселелери талкууланды. Кезектеги отурумда тараптар эки министрликтин ортосундагы кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча так багыттарды аныкташты.

Отурумдун ишинин жыйынтыгы менен өз ара кызматташуу Протоколуна жана 2021-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек арага чектеш ички иштер органдарынын бирдиктүү ыкчам алдын алуу иш-чараларынын Планына кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов менен Өзбекстан Республикасынын ички иштер министринин орун басары, полковник Бекмурод Абдуллаевдун жолугушуусу достук жана иштиктүү маанайда өттү.

Өзбекстандан келген коноктор Ош шаарындагы маданий жайларга барышып, “Сулайман-Тоо” тарыхый-этнографиялык музей менен кеңири таанышышты. Музейдеги коюлган материалдар жана экспонаттар меймандарды өзгөчө кызыктырды. Музейден соң ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына барышып, анын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Өзбекстандан келген кесиптештерге баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча уюштуруу иштери, жабдылган иш бөлмөлөр, лабораториялар, тир жана спортзал көрсөтүлдү.

Ушуга эле катар, меймандар Ош ОИИБнын имаратын жана башкармалыкта кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдыгына карата ачылган генерал-майор Базарбай Нурматов атындагы музейи менен да кенири таанышып чыгышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости