www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда чет жактан "Ош" аэропортуна учуп келген тажик жараны сабалды делген видео жалган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстанга тастыктады.
Анын айтымында, учурда чет жактардан келген каттамдардын жүргүнчүлөрү, өзгөчө Тажикстандын жарандары алдын ала такталууда.
"Сырттан келген авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү алдын ала такталууда. Эгерде тажик жарандары болсо, милиция кызматкерлери аларды учактан түшөрү менен атайын коштоонун астында чек арага чейин узатып коюп жатышат", - деди Сыдыков.
Баткендеги кандуу кагылыш
Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Натыйжада 36 кыргызстандык жаран көз жумуп, 200гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү. Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап, турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.
1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, КР бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.
Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча кагылышуудан 16 киши набыт болгон.
Булак: NazarNews.kg