www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өз жерибизди өзүбүздөн жашырып бергенге аракет кылгандар болгон". Мындай пикирди "Шералы Назаркулов атындагы фонддун" директору, Чек ара кызматынын, афган согушунун ардагери Орунбек Чондоев билдирди. 

--"Мен Чек ара кызматынын, афган согушунун ардагери катары Баткен чек арасында курман болгон чек арачы жигиттердин ата-энелерине, үй-бүлөлөрүнө, биртуугандарына чын ниеттен көңүл айтам.

Урматтуу мекендештер, баарыбыз белди бекем бууп, келечегибиз үчүн жан аябай аракет кылышыбыз керек. Акыркы күндөгү жоготуулар баарыбыз үчүн абдан оор. Бирок буга карабай биз чыңалып, кайраттуу болбосок болбойт. Баатырларыбыздын жаткан жери жайлуу болсун.

Чек аралардагы чыр-чатактын башаты тээтиги Үзөңгү-Кууштан башталганын белгилегим келет. Үзөңгү-Куушту да тезирээк бере калалы деп өз жерибизди өзүбүздөн жашырып бергенге аракет кылган учур болгон. Совет доору кулаганда биз Нарындагы чек ара аскер отрядында 140 патриот жигиттер кызмат кылганбыз. Азыр ал отряд "Тайлак баатыр" атындагы чек ара отряды деп аталып калды.

Биз ошол кезде эле “Аскердик патриоттордун кыймылы” деген атайын кыймыл түзүп, Минюсттан каттоодон өтүүгө аракет кылгынбыз. Ошондо бийлик “силер тынч тура турсаңар болот эле” дешкен. Бирок биз ошондо эле Аскар Акаевге чек араларды бекемдеп алалы, зымдар менен тосолу, зым жетпеген жерлерге аңдарды казып салалы, болбосо кийин кыйналып калабыз деп кайрылуу жасаганбыз. Биздин кайрылууга жооп болгон эмес. Себеби алар бийлик талашып жатышып чек араны унутушкан.

Азыркы акыбалда кыргыз эли баатырдыкты да, сабырдуулукту да көрсөттүк. Башкалар кылычын, болгон куралын көтөрүп келсе да, биз аларга туруштук бердик. Бирок көп зыянга учурадык. Ошого карабастан азыр чек араларды бекем кармаганга аракет кылып жатабыз. Азыркыдай кырдаалда УКМКнын, Чек ара кызматынын аракеттери туура болгон деп эсептейм. Себеби биз дагы курал колдонсок, эртеңки күн эмне болору белгисиз эле.

Эми чек араларды бекемдеп, ортодо нейтралдуу тилке түзүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Баткен облусуна өзгөчө макам берүү эчак бышып жетилген. Эми азыр ушундай макамды токтоосуз бериш керек. Мындай макам көп нерсени чечет. Элди ошол жакка көп тартып, иштеп жакшы каражат табуусуна шарт түзсөк жакшы болот. Эми карабайсызбы, тажиктердин чек ара айылдарында абдан көп адам жашаса, биздин айылдарда аз эле адам жашайт экен.

Бул согушта тажиктер атайын даярданып басып кирип, өз желегин илүүгө аракет кылганын баарыбыз көрдүк. Эл аралык деңгээлде буга туура баа берилет деп күтөм. Чек арачы аскерлердин ар бир аракетин эрдик деп баалайм. Туруштук беришкени үчүн Баткен элине баарыбыз ыраазыбыз. Бардык кыргызстандыктар жардамга көтөрүлгөнү да элибиздин ынтымагын көрсөтүп турат. Демек, биздин элдин келечеги кең.

Азыр болсо жарактан чыккан үйлөрдү тезинен калыбына келтирүү зарыл. Түрк туугандарыбыз да жардамга даяр экендигин билдиришти. Ушундай иштерди тезирээк жасап, чек араларды да батыраак бекемдеп алалы. Кыргыз эли биримдикте, ынтымакта болсо гана өнүгөт. Элдик дипломатияны да колдонолу. Сүйлөшүүлөрдө элге кадыры бар аксакалдарды, жергиликтүү лидер жаштарды кошуп жүргүзүү керек.

Чек ара комиссиясынын курамына кошулуп иштөөгө мен ынтызармын, себеби чек ара эмне экендигин биз жакшы түшүнөбүз", - дейт Орунбек Чондоев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости