www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөндөгү адм өлүмү менен коштолгон бычакташуунун шайлоого тиешеси жок. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 29-сентябрдын түнкү саат 10:00 чамасында алкоголдук ичимдик ичкен эки адам эски пикир келишпестиктерин эстеп уруша кетишкен.
Бул тууралуу Ош ОИИБнын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев ЖМКларга билдирди:
"Жанындагылар ажыратып жетишкенче учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып жиберген. Жаракат алган адамды ооруканага жеткирилгенден көп өтпөй жан берген. Бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Киши өлтүрүүгө шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилди".
Аширбаевдин айтуусунда бул жаңжалдын шайлоого тиешеси жок. Маркум "Портер" үлгүсүндөгү унаасын "Республика" партиясынын үгүтчүлөрүнө ижарага бергени аныкталган. Ал эми шектүү адамдын бир да партияга тиешеси жок.
Интернетте тараган маалыматтарда мушташкан эки киши шайлоого катышып жаткан эки партиянын үгүтчүлөрү экени, пикир келишпестиктен улам, мушташып кеткени кабарланган.
Булак: NazarNews.kg