www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Базар-Коргон РИИБи тарабынан коронавирус илдетинин алдын алуу багытында иш пландар түзүлүп, анын алкагында бир топ текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Район аймагында жайгашкан Арстанбап жергесиндеги эс алуучуларга жана жергиликтүү тургундарга аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери түшүндүрүү жумуштарын алып барышты. Алар эс алуучу жана тамактануучу, эт сатуучу жайларды, базарларды, аттракциондорду кыдырышып, санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алышты. Сатуучуларга кардарлар менен иштешүүдө аралыкты сактап, кол алышып жана кучакташып учурашпоо керектиги айтылды. Аттракцион иштеткендерге убагында дезинфикциялоо жумуштарын жүргүзүү зарылдыгы эскертилди.

Тиешелүү кызматтар менен биргеликте эс алуучу жайга кирип-чыккан ар бир унаа дезинфекциядан өткөрүлүүдө. Келген конокторду ташып иштеген автоунаа айдоочуларына бет кабы жокторду унаага салбоо керектиги билдирилди. Ошондой эле өздөрү санитардык нормаларды жана жеке гигиеналык эрежелерди кармануу зарылдыгы жеткирилди.

Милиция кызматкерлери эс алууга келген жана жергиликтүү жашоочуларды медициналык талаптарды так сактоого жана сууга түшүүдө этият болууга чакырышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости