www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Медицина башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан милицияга жумушка келген жарандардан оң бүтүм чыгарып берүү үчүн акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

"Медициналык башкармалыктын жетекчилиги талапкер катары келген жарандардан милицияда иштөөгө жарамдуу деп бүтүм чыгарып берүү үчүн пара талап кылып жүрүшкөн", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

2-ноябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Медициналык башкармалыктын жетекчиси, ИИМдин аскер-дарыгерлик комиссиясынын төрагасы Ж.Ж.К. кармалды.

"Милицияда, анын ичинде кайрадан түзүлгөн Патрулдук милиция кызматында иштөө үчүн талаптарга жооп бербеген (бою кыска, ашыкча салмагы бар, көзүнүн көрүүсү ойдогудай эмес) адамдардан пара алуу фактысы катталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 325-беренеси ("Пара алуу") менен каттоого алынып, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости