www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев 2020-жылдын 17-февралда, согуштун ардагери, милициянын отставкадагы подполковниги Алимбеков Шаршеналынын жубайы Салкын Алимбекованы “Офицердин айымы”  медаль менен сыйлады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Алимбекова 2019-жылдын 7-ноябрында 90 жашка чыккан. Сыйлык тапшыруу аземи Салкын апанын уулунун үйүндө болуп өттү.

Алгач Султанбек Жоошбаевич медаль жөнүндө анын алдыңкы жана  арткы бетине түшүрүлгөн сүрөттөр, келип чыгуу тарыхы жана кандай эмгек үчүн бул медаль тапшырылаарын айта кетти.

Анын айтымында бул медаль менен милиция кызматкерлеринин аялдары, күйөөлөрүнүн оор жумушунда таяныч болуп, алар дайыма кызматта жүргөн учурда үй-бүлөдөгү очоктун отун өчүрбөй сактап,  балдарына татыктуу таалим-тарбия берип чоңойтуп, ишеничтүү жар болуп бергендиги үчүн сыйланаарын кошумчалады.

Сыйлык тапшыруу учурунда Салкын апа тынчсызданганын жашырган жок, ал эми кандай эмгеги үчүн тапшырылып жатканын укканда, күйөөсү Шаршеналы экөөнүн башынан өткөн оор күндөрүн, беш баланы тарбиялоодогу кыйынчылыктарын эстеп отурду.  

Тилекке каршы, Шаршеналы Улуу Ата Мекендик согуш убагында алган жаратынан улам 57 жашында көз жумган, бирок бойго жеткен балдары апабызга өтө камкор жана  мээримдүү болуп дайыма жанында.

Салкын апа эмгегин баалап келген Султан Жоошбаевичге ыраазычылыгын билдирип жана ошондой эле бардык милиция кызматкерлеринин оңой эмес жумушуна ийгиликтерди каалап өттү. Анын үстүнө Салкын апанын неберелеринин бири чоң атасынын жолун жолдоп, азыркы убакта милициянын подполковниги.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости