www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматкерлерине кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында сабактар өтүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө караганда, сабактар үчүн атайын иштелип чыккан программа иштелип чыккан.

Бишкек шаардык ИИБнин кайгуул кызматкерлерине “Кайгуул милициясы үчүн калк менен иш алып барууда техникалык байланыш жана психологиялык туруктуулук” темасында видео сабактар өтүлөт. Сабак  Жарандык бирикменин төрагасы Тимур Шайхутдинов, психолог А. Демильханова жана Г. Давлетбаеванын катышуусунда өтөт.

Муну менен бирге, өздүк курамдын кызматка болгон кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында КР ИИМге тиешелүү болгон айрым жаңы буйруктар, укуктук-ченемдик актылар жана калк менен тыгыз иштешүүдө керектелүүчү тартиптик жаза фактылар тууралуу сабактар көрсөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости