www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Берекелүү жергебиз  күнөстүү Кыргызстан! Жериң чукуп койсоң алтын чыгат. Чырпык сайып койсоң – көкөлөп чынар болот. Кары эригенде жап-жашыл кокту колот, талаалар, тоолор миң түркүн гүлгө толот. 

Мекениң кичине десе эч ишенбе! 117 мамлекеттен жерибиз чоң. 110 мамлекеттен суубуз арбын. Көргөн билет, ичкен билет биздин булак, биздин муздак суунун даамын! Ошол суудан шире алган алма даамдуу, ошол суудан күч алган жаңгак дандуу! Ал сууну ичкен жигиттер күчтүү, алдуу!

Унутпайлы, көк жалдары кыргыздын! Бабаларың Азиянын арстандары аталган. Намыс коргоп, алар далай жоо чалган. «Миңди көрсө шашпаган, көп экен деп качпаган» бабалардан чыныгы эрдик салт калган: «Өлүм табат биздин чекти аттаган!»

Ата-Журттун коргоочусун куттуктайм!  Мекенди коргоо күнү – чоң майрам. Бүгүн майрам жоокерлерге чептеги. Чек арачы сага майрам чектеги. Офицерлер, генералдар – чоролору кыргыздын. Силер сактап турасыңар элибиздин тынчтыгын. 

О, жигиттер! Көк жалдары кыргыздын. Чагылгандан от тутантып алгыла, аскер болуш милдет экен эркекке, даярданып күчтү чыңап баргыла. Кароол дөбө бош калбасын эч качан, постто туруп, дүрбүңөрдү салгыла!

Бүгүнкү күндө Мекенибиздин коопсуздугун коргоодо ИИМдин кызматкерлери кайда, кайсы жерде, кайсы убакта болбосун тикесинен тик туруп кызмат кылууда.  Алыска барбай эле борборубуз болгон Бишкек шаарынын тургундарынын коопсуздугун сактоо үчүн  күндү күн, түндү түн дебей иштеп жаткан ИИМдин Кайгуул кызматынын жигиттери да Мекенди коргоочу деген ардактуу наамга татыктуу экени анык. Анткени алар Ата-Мекенибиздин борборундагы коопсуздукту сактап, элибиздин тынч жашоосуна жана коопсуздугуна шарт түзүп беришүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун “2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана мамлекетти санариптештирүү жылы” деген Жарлыгын аткаруунун чегинде ИИМде 2019-жылдын 11-январында 2019-2020-жылдар үчүн иш-планы  түзүлүп, ошол пландын негизинде Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы түзүлсүн деген чечим кабыл алынган. Ушул максатта ишке ашыруунун биринчи этабында ИИМдин Академиясында 279 талапкер сынак аркылуу тандалып алынып, 22-июлдан 1-октябрга чейин 3 айлык курстан окуп чыгышкан. Алардын окуусу аяктагандан кийин, ар бир кызматкерди тиешелүү техникалык каражаттар менен камсыздап, жеринде дагы бир ирет 10 күндүк  практикалык иштер менен таанышкандан кийин 2019-жылдын 31- октябрында Бишкек шаардык ИИБдин жетекчилик борборунда Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын (МККБнын) салтанаттуу ачылышы болуп, ага Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков өзү келип катышкан. Кайгуул кызматында азыр 80 авто унаа бар. Дагы 40ка жакын авто унааны сатып алганы турушат, буюрса автоунаа жетиштүү эле болот. Кайгуул кызматынын ишке киришүүсүнүн биринчи этабында 20 экипаж Биринчи Май районун, 15 экипаж Свердловск районун тейлеп келген болсо, экинчи этапта Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын төрт районун толугу менен тейлөөгө киришти.  Кайгуул кызматын камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын төрт району 43 чарчы аянтчага бөлүнгөн. Аларда кайгуул 3 нөөмөткө  жана квадратка төмөнкүчө бөлүнгөн:  Биринчи Май району 10 авто кайгул тилкелерине бөлүнүп, кызматкерлердин санына жараша 8 авто-экипаж, Свердлов району да 10 авто кайгуул тилкелерине бөлүнгөн, кызматкерлердин санына жараша күнүнө 6 авто-экипаж, Октябрь району 9 авто кайгуул тилкелерине бөлүнгөн жана анда 4 авто-экипаж, Ленин району 13 авто кайгуул тилкелерине бөлүнүп, анда 6 авто экипаж 3 ирет алмашуу режиминде иштеп жатат.  Жалпысынан алганда учурда кайгуул кызматынын штаттык саны 545 кызматкерди түзөт. 

Чынында эле милициянын кайгуул  кызматы биздин шаарга абдан зарыл кызмат экенин аз эле убактытта далилдеп койду. Фактыларга кайрылып көрөлү. Бул кызмат иштей баштаган  өткөн жылдын 31-октябрынан берки мезгил ичинде МККБнын кызматкерлери тарабынан 544 кылмыштын бетин чукул ачылган, “102”кызматынан түшкөн 7885 чакырыкка барып, алардын 5482 чакырыгы такталган жана был чакырыктар боюнча жеринде чаралар көрүлүп, алардын ичинен 258 мас айдоочу убагында аныкталып, 1216 айдоочунун унаалары токтотулуучу жайларга жеткирилген жана да 1677 эл тынчтыгын алган мастар, зөөкүрлөр жана башкалар ИИБге алынып келинип, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Демек, ушунча кырсыктын алды алынып, далай адамдын өмүрү сакталып калынган десек болот. Ал эми барар жери жок, үшүп-шишиген 778 адам “Коломто”кайрымдуулук жайына жеткирилген. Мисалга айтсак: 7-февралда Бишкек шаарынын Ак-Өргө коңушунун тургуну 1940-жылы туулган С.Н. үйүнөн чыгып кетип көчөдө адашып жүргөн жеринен түнкү саат 23:30 чамасында Милициянын кайгуул кызматы тарабынан табылган.  Достору менен той кылган, анан  үйүнө келип чыр кылган үй-бүлөлүк замбулук боюнча 146 үй-бүлөөгө чукул жардам көрсөтүлгөн. Шаардын көчөлөрүндөгү унаа тыгындарын жеңилдетүүдө да МККБнын зарылдыгы көрүнүүдө. Шаардын унаа агымдары абдан жыш болгон Абдырахманов-Киевская, Абдырахманов-Чүй пр., Жибек-Жолу-Курманжан Датка, Ден-Сяопина-Фучик көчөлөрү  өңдөнгөн көчөлөрдүн кесилишинде күн сайын тыгын күчөгөн маалдарда 3-4 саат катары менен кайгуул кызматынын жигиттери жардамга чыгып жатат. 

Дагы айта кете турган нерсе министрлик тарабынан жаңы долбоор даярдалып, өкмөткө сунушталып жатат. Бул долбоор боюнча республиканын баардык аймактарында кайгуул кызматын иштетүү каралган. Долбоор боюнча облустардын борборлорунда да кайгуул кызматтары түзүлүп, иштей башташы керек. Бул үчүн өкмөт тарабынан 456 миллион сом бөлүнүп берилиши зарыл экен.  Ошентип кайгуул кызматы таңкы саат 6.00дөн түнкү саат 01ге чейин үч нөөмөттө иштеп жатат. Алардын катарын толуктоо үчүн 202 кызматкер Академияда  3 айлык курстан окуп даярдалууда. Алардан тышкары 144 штаттык орунга сынак жарыяланып, 224 талапкерлер азыр сынактан өтүп, тандалып жаткан кербези. Сынактан өткөн талапкерлер Академияга  окууга жиберилет. Жаңы кызматта жаңыдан иштей баштаган жаш кызматкерлер жөнүндө  Кайгуул кызматынын башкармалыгынын башчысы, милициянын майору Алмаз Исаковдон сураштырдык эле, анын жообу мындай болду: ”Окууда деле, иште деле адамдын жөндөм-шыгына жараша болот эмеспи. Айрым кызматкерлер кыргыз айткандай этекке чаптырбай илип кетип, жеңдерин түрүнүп, белдерин бекем  бууп дегендей чыйрак иштеп башташты. Айрымдарын болсо жетелеп жүрүп, кайра-кайра айтып жатып үйрөтүүгө туура келүүдө. Жалпысынан канааттандырарлык. Бизде жумасына 2  сааттан эки ирет окуп үйрөнүү сабагы жана эки ирет 2 сааттан дене тарбия сабактары өтөт. Калган каткан билимди бул жактан үйрөнүп алабыз. Көч деле жүрө-жүрө түзөлөт эмеспи.” –дейт. Келечекте шаардагы кайгуул кызматынын штаттык бирдиги 800гө жетмекчи. Ошондо шаар ичинде күн болобу, түн болобу эч нерседен чочулабай, ээн-эркин басып, эс алсак болот. Бул жаңы кызматын аткарып жаткан ишине кызыккандар арбын болгондуктан, Бишкек ШИИББнын башчысы Канат Жумагазиев менен ЖКККББнын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларына кеңири маалымат берип, кезек-кезеги менен брифингдерди, пресс-конференцияларды өткөрүп турушат. Бул да болсо маалымдуулуктун шарапаты десек болот. Эмесе ИИМдин эр жүрөк азаматтары, силерди Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз. Ден соолугуңар бекем, көзүңөр өткүр, билегиңер күчтүү, жашооңор бактылуу болушуна тилектешпиз.

Үсөнбек Дайырбеков

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости