www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ок тийип каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө байланыштуу Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун Б.Э. жана Б.А. аттуу эки кенже инспектору колго түшүрүлүп, УКМКнын тергөө камагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Кармалгандар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө", — деп айтылат маалыматта.

27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаранга табелдик куралдын огу тийип көз жумган. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек Жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кийинчерээк бул ишти кароо милдети УКМКга өткөрүп берилип, аны атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости