www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция кызматкерине пара берүүгө шектелген адам кармалды, деп билдирди Свердлов милициясы.
Свердлов райондук милициясынын кызматкери жетекчилигине кылмышка шектелип жаткан адам макамын күбөгө өзгөртүү үчүн 4000 доллар пара сунуштап жатканын билдирген.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча катталган.
«2-апрелде 1985-жылы туулган К.Е. 325 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Жашыруун видеокамерага тартылган кадрларда шектүү муну кылмыш эмес, доско жардам деп атаган.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат расмий маалыматта.